Балбан Акжол Махмудов Азия оюндарында алтын медаль тагынды

Балбан Акжол Махмудов Азия оюндарында алтын медаль тагынды. Ал финалдык беттеште ирандык спортчу Амин Кавиянинежадды жеңип, чемпион болду.

 

Буга чейин балбан Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медалга ээ болгон. Ал эми дагы бир балбан Раззак Бейшекеев коло медаль утуп алды.

 

Эске салсак, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. 45 өлкөнүн катышуусунда уюштурулган оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган иш-чара 8-октябрда жыйынтыкталат.