Балбан Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду

Балбан Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду. Финалдык беттеште ал Япониялык спортчу Аята Сузукини далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңди.

 

Эске салсак, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. 45 өлкөнүн катышуусунда уюштурулган оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда.

 

24-сентябрда башталган иш-чара 8-октябрда жыйынтыкталат.