Россиялык компания Кыргызстанда шамал электр станциясын курууну пландап жатат.
Бүгүн “НоваВинд” компаниясынын башчысы Григорий Назаров менен кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков Ысык-Көл облусунда шамал электр станциясын куруу боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгып, аны ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюшту.
Белгилеп кетсек, Жалал-Абадда кыргыз-орус аймак аралык конференция өтүп жатат. Анда эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туризм жаатындагы долбоорлорду каржылоону талкуулоодо.