Бишкек жана Чүйдүн айрым көчөлөрү эртең унаа кыймылына чектелет.
КМШ саммитине байланыштуу, 12-13-октябрда “Манас” аэропорту – Бишкек жолу, Манас, Чүй, Жибек Жолу проспектилери, Фучик, Абдрахманов көчөлөрү маал маалы менен тосулат.
Ошондой эле чектөөлөр “Кант” авиа базасына барчу жолдо киргизилет. Айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.