Дүйнөдөгү эң оор ашкабак АКШда өстүрүлдү

Дүйнөдөгү эң оор ашкабак АКШда өстүрүлдү. Жашылчанын салмагы дээрлик 1 миң 300 килограммды түздү.   Ошентип, багбан Трэвис Джинджер эң оор ашкабак боюнча жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Сыйлык 30 миң долларды түздү.   Маалым болгондой, алп жашылча дагы төрт жеңүүчү менен бирге 14-октябрда өтө турган… Кененирээк…

Катализатору жок унааларды аныктоо иштери күчөтүлөт

Бишкекте жана өлкөнүн башка ири шаарларында катализатору жок унааларды аныктоо иштери күчөтүлөт. Жаратылыш ресурстар министрлиги билдиргендей, бул түтүнгө каршы алдын алуу чараларын көрүү үчүн зарыл.   Текшерүү ИИМдин Патрулдук кызматы менен биргеликте жүргүзүлөт.   Пайдаланылган газдар ашыкча бөлүнүп чыкса, жеке автоунаа ээлерине 7,5 миң сом,… Кененирээк…

Айдоочуга салынуучу айып пул туумун жокко чыгаруу комитетте колдоо тапты

Кыргызстанда айдоочуга салынуучу айыппулдун туумун алып салуу боюнча мыйзам долбоору парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде биринчи окууда жактырылды.   Документти Министрлер кабинети сунуштап жатат. Эгер ал жалпы Жогорку Кеңеште колдоо таап, кабыл алынса, айыппулдун тууму жокко чыгарылат.   Маалыматка ылайык, буга… Кененирээк…

Жыл башынан бери 400дөн ашык этностук кыргызга кайрылман макамы берилди

Жылдын январь-сентябрь айларында 437 этностук кыргызга кайрылман макамы берилип, Кыргызстандын паспорту тапшырылды.   Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.   Алыбаева булардын ичинен тогуз кишиге жөлөк пул жана сегиз кишиге пенсия чегерилгенин, 11 кишиге жергиликтүү бийликтер жер тилкесин… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт. «Бишкекгаз» кызматынын билдиришкендей, 11-октябрдан 13-октябрга чейин оңдоо иштерине байланыштуу «Красный Строитель» районунда, Сары-Челек көчөсү – Ала-Арча дарыясы — Айланма жолу – Киргизская көчөсү – Логвиненко көчөсү – Курманалиев көчөсү – Зеленая көчөсү – Новая көчөсү – Колхозная көчөсү… Кененирээк…

Жалал-Абадда психикалык саламаттык борборунун кошумча имараты ишке берилди

Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборуна кошумча жаңы имарат жана ашкана курулуп, пайдаланууга берилди.   Жалал-Абад мэриясынан билдиришкендей, жаңы курулган имарат бир кабаттан туруп, анда ашкана, бейтаптарга кеңеш берүү бөлмөлөрү жана намазкана жайгашкан.   Курулуш “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, Жалал-Абад шаардык мэриясы да жергиликтүү… Кененирээк…