Бишкек – Ош унаа жолунда электр унаалары үчүн кубаттоочу станциялар пайда болот

Бишкек – Ош унаа жолунда электр унаалары үчүн кубаттоочу станциялар пайда болот.

 

Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, бул максатта жеке компанияларды өнөктөштүккө тартуу пландалууда.

 

Күтүлгөндөй, станциялар кийинки жылы пайда болот. Белгилеп кетсек, өлкөдө электр унаалары үчүн салыктык жеңилдиктер берилет. Алар Кыргызстанга пошлинасыз киргизилет.