Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө киргизилген чектөөнүн мөөнөтү жаңы жылга чейин узартылды

Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө киргизилген чектөөнүн мөөнөтү жаңы жылга чейин узартылды.   Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Массалык башаламандыкты болтурбоо жана ага бөгөт коюу максатында Биринчи май райондук акимиаты митинг өткөрүүгө коюлган чектөөнүн мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен аталган райондун сотуна кайрылган.   Ар кандай акцияларды… Кененирээк…

Кыргызстанга мигранттардын акча которуусу азайды

Кыргызстанга мигранттардын акча которуусу азайды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, ушул жылдын январь-августунда чет жакта иштеген кыргызстандыктар мекенине 1 миллиард 263 миллион доллар  которду.   2022-жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 650 миллионго аз. Которуулардын басымдуу бөлүгү  Россияга туура келет. Андан кийин АКШ, Түркия, Казакстан, Германия жана… Кененирээк…

Милиция алдыдагы эки күндө Бишкек жарандарына унаа менен шаарга чыгуудан баш тартууну сунуштайт

Милиция алдыдагы эки күндө Бишкек жарандарына унаа менен шаарга чыгуудан баш тартууну сунуштайт. Ички иштер министрлигинен эскертишкендей, эртең жана бүрсүгүнү ордо калаада КМШ саммити өтөт.   Жогорку даражадагы коноктордун келишине байланыштуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Андан улам узак тыгындар орун алышы ыктымал.

Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкеде башка атайын кызматтын унаалары дагы жүрсө болот (аудио))

  Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкеде башка атайын кызматтын унаалары дагы жүрсө болот. Алар кайсы кызматтар экенин кененирээк “Жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ренат Султанмамытов айтып берет:   “Автобус, троллейбус, маршруттук таксилерден тышкары тез жардам кызматынын транспорту, өрт өчүрүү кызматынын транспорту жана кайгуул кызматынын… Кененирээк…

Россиянын Мамлекеттик думасы Кыргызстанда 9 мектептин курулушу жөнүндө макулдашууну ратификациялады

Россиянын Мамлекеттик думасы Кыргызстанда 9 мектептин курулушу жөнүндө макулдашууну ратификациялады.   “Интерфакс” жазгандай, документте орус тилинде билим берген мектептердин иш тартиби жана аларды түзүү шарттары бекитилген.   Эске салсак, 1-сентябрда Бишкек, Баткен жана Караколдогу мектептердин курулушуна капсула салынды. Жыл сайын үчтөн мекеме куруу пландалууда. Алгачкылары… Кененирээк…

Улгайган ата-энесин кароодон баш тарткан жарандарды жазалоо жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды

Улгайган ата-энесин кароодон баш тарткан жарандарды жазалоо жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды. Документти жыйындагы депутаттар бир добуштан колдоду.   Ага ылайык, алимент төлөбөгөндөрдү 100 миң сомго чейин айыпка тартып же 1-2 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда. Демилгечилердин айтымында, адатта карылар үйүндө жашагандар балдарына арыз… Кененирээк…

Эл аралык донорлор Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун оңдоого насыя берет

Эл аралык донорлор Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун оңдоого насыя берет. Бул тууралуу парламентте Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди.   Анын айтымында, Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду 15 миллион жана Сауд өнүктүрүү фонду 30 миллион… Кененирээк…

Бишкекте заманбап перинаталдык борбор курулууда

Бишкекте заманбап перинаталдык борбор курулууда. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул жерде кош бойлуу кезде патологиясы бар аялдарга жана жаңы төрөлгөн балдарга кам көрүлөт.   Оорукана 100дөн ашык бейтапты кабыл алат.   Курулуш иштери Германия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Борбор ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга… Кененирээк…

Улуттук банк каржы пирамидаларынан сак болгула чакырат

Улуттук банк жарандарды каржы пирамидаларынан сак болгула чакырат.   Мекемеден билдиришкендей, финансылык пирамида – бул адамдарды байытуунун алдамчылык жолу.   Улуттук банк жарандарды каржы пирамидаларына ишенбөөнү сунуштайт.

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда 1-блоктун темир-бетон каркасы толук бүтүп, чатырын жабуу, кирпич дубалдарды жана тосмолорду орнотуу иштери жүрүп жатат. 2-блоктун темир-бетон орнотуу иштери, ошондой эле сырткы инжинердик тармактарын куруу иштери уланууда. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аянты — 1 … Кененирээк…