Бишкектин Калыс-Ордо конушунда бала бакча курулууда

Бишкектин Калыс-Ордо конушунда бала бакча курулууда.

 

Мэрия маалыматына ылайык, бул жерде уктоочу, оюн бөлмөлөрү, ашкана, медициналык кабинет, музыкалык жана гимнастикалык залдар, техникалык жайлар каралат.

 

Учурда объекттин дубалдары көтөрүлүп, айланасы тосулуп жатат. Жакынкы арада тышкы инженердик тармактарды өткөрүү иштери жүргүзүлөт.