Келерки жылы мектеп китептери боюнча маселе болбойт

Келерки жылы мектеп китептери боюнча маселе болбойт. Буга Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева ишендирүүдө.

 

Анын айтымында, токтом кабыл алынган, ага ылайык бирдиктүү окуу материалдары бир басмаканада жасалат. Муну менен бир предмет боюнча окуу куралдары ар башка авторлор тарабынан чыгарылбайт.

 

Белгилеп кетсек, быйылкы окуу жылы көптөгөн мектептерде китеп көйгөйү менен башталды.