Бишкекке дагы 80 автобус жеткирилди

Бишкекке дагы 80 автобус жеткирилди. Транспорт Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен жетишилген макулдашууга ылайык, Кытайдын заводунан келди.   Жалпысынан бул линия менен ордо калаага 124 автобус келиши керек. Транспорттун сыйымдуулугу 85 адам болсо, 29 орундук бар. Автобустар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын пандустар… Кененирээк…

Нарында жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 19-октябрь күнү, саат 21:16да Нарын облусунун аймагында очогундагы күчү үч баллды түзгөн жер титирөө катталды. Силкинүү Кочкор районунун Кочкор, Большевик, Кара-Суу, Кара-Тоо айылдарында — үч балл, Терек, Ак-Жар, Арсы, Семиз-Бел, Кара-Саз, Кара-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана… Кененирээк…

Варшавада 22 жаштагы өзгөчө тапкыч ууру кармалды

Варшавада 22 жаштагы өзгөчө тапкыч ууру кармалды. Эркек манекен болуп, бир нече дүкөндөрдү тоноого жетишти. Ал витринага манекен сыяктуу болуп соода борбору жабылганга чейин кыймылсыз тура берген.   Андан кийин ал зер буюмдар дүкөнүн, кийим-кече бутигин тоноп, ресторандардын биринде акысыз тамактанып алды. Бирок коопсуздук кызматы… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жаңы бала бакча пайда болот

Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жаңы бала бакча пайда болот.   Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгашкан маалыматка ылайык, сынакты облустук курулуш башкармалыгы жарыялады. 100 орундуу бала бакчанын курулушуна 80 миллион 730 миң сом бөлүнөт.

Бишкекте жана аймактарда 95-үлгүдөгү бензин дээрлик жокко эсе болууда

Бишкекте жана аймактарда 95-үлгүдөгү бензин дээрлик жокко эсе болууда.  24 агенттиги жазгандай, күйүүчү майдын бул түрүнүн жетишсиздиги жайында эле байкалып баштаган. Ал эми бүгүнкү күндө абал такыр эле оорлошту.   Учурда Аи-95 бензини ири май куюу тармактарында эле бар. Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов… Кененирээк…

Россияда такси айдаган мигранттарга соттуулугу тууралуу маалымат берүү эскертилди

Россиянын такси кызматында иштеген мигранттар соттуулугу жана кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматтарды бериши керектиги эскертилди. Бул маалымат Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 18-октябрда түшүндүрүү иштеринин алкагында «Яндекс Такси» компаниясынын өкүлдөрү жана кыргызстандык активисттер менен уюштурган жолугушууда айтылды. Анда «Яндекс такси» компаниясынын өкүлдөрү Россия мыйзамдарындагы такси кызматындагы жаңы… Кененирээк…

Кыргызстандык спортчулар Бүткүл дүйнөлүк оюндарга катышат

Кыргызстандык спортчулар Бүткүл дүйнөлүк оюндарга катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей мелдештер 20-30-октябрь күндөрү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтүп, спорттун 15 түрү боюнча күч сыналат.   Ал эми Кыргызстандан самбо, жиу-житсу, каратэ жана грэпплинг боюнча спортчулар барат.

Чүй облусунун Чорголо айылында жаңы мектеп курулат

Чүй облусунун Чорголо айылында жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды. Сынакты облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.   Бул максатта ведомство 54 миллион 700 миң сом багыттайт. Ал эми мектеп 100 окуучуга эсептелет.

Төө-Ашууда туристтер үчүн атайын аянтча пайда болот

Төө-Ашууда туристтер үчүн атайын аянтча пайда болот.   Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Колбаев атындагы туннелдин абалы менен таанышып, Унаа жана жолдор министрлигине бир катар талаптарды койду.   Анын ичинде ашуу аркылуу өткөн айдоочулар менен туристтер үчүн эс алуу жайын түзүү талабы бар. Андан тышкары,… Кененирээк…

Кыргызстанда казинолордон тышкаркы оюн автоматтарына жана букмекер контораларына тыюу салынат

Кыргызстанда казинолордон тышкаркы оюн автоматтарына жана букмекер контораларына тыюу салынат.   Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Экономика жана коммерция министрлиги сунуштаган документке ылайык, оюн автоматтары менен залдар, букмекер жана тотализаторлор бир гана казинонун ичинде болушу керек.   Бул мамлекеттик жөнгө салууну жакшыртууга жана ишмердүүлүккө… Кененирээк…