Орус драма театрынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкектеги орус драма театрында чыккан өрт саат 14:57де чектөөгө алынып, саат 16:42де толугу менен өчүрүлдү.

 

ӨКМден билдиришкендей, Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан театрдан өрт чыккан.

 

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам тобу, ИИМден 4 экипаж тартылган.