Ордо калаада 4 балдар бейтапканасы ачылды

Ордо калаада 4 балдар бейтапканасы ачылды.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул профилдик ооруканаларга келтирилген жүктү азайтып, кайрылгандарга ыкчам жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.   Жаңы бейтапканалар ар кайсы ооруканалардын бөлүмү катары иштейт. Аларда бир гана педиатрлар кабыл алуу жүргүзүп, жаш балдар… Кененирээк…

Айдоочуларга даталарга карап чектөө салууга Бишкек бийлигинин укугу жок

Айдоочуларга даталарга карап чектөө салууга Бишкек бийлигинин укугу жок. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, муниципалитетке буга ыйгарым укук берилген эмес.   Мындай эреже киргизүү үчүн Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам же министрлер кабинетинин токтому болушу керек.   Эске салсак, буга чейин шаар… Кененирээк…

Бишкекте эко-таксинин саны көбөйтүлөт

Бишкекте эко-таксинин саны көбөйтүлөт. Жакынкы арада дагы 100 унаа жеткирилет. Мэрия маалыматына ылайык, учурда жаңы кызматта 10 такси иштеп жатат.   Алар эртең мененки саат 7ден 10го чейин жана кечки 5тен 8ге чейин Киев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен 12-кичи районго чейин каттайт.   Бир адамга жол киренин… Кененирээк…

Чүй облусунун Селекция айылына жаратылыш газы өткөрүлдү

Чүй облусунун Селекция айылына жаратылыш газы өткөрүлдү. “Газпром Кыргызстан” компаниясынан билдиришкендей, жалпы узундугу 7,5 чакырымды түзгөн түтүктөр тармагы өткөрүлдү.   Бул 3,5 миң үйдү көгүлтүр от менен камсыздоого шарт түздү. Белгилеп кетсек, жаңы конуштарды, айылдарды газдаштыруу – Бишкектин аймагын каптаган кара түтүн жана ыш менен… Кененирээк…

Каракол шаарында жаңы облустук оорукана курулат

Каракол шаарында жаңы облустук оорукана курулат.   Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, медициналык жай 350 бейтапка чакталат. Курулуштун долбоордук-сметалык документтерин даярдоого 10,5 миллион сом каралды.   Белгилеп кетсек, жаңы имарат азыркы облустук оорукананын аймагында курулат.

Репрессия курмандыктарын актоо мыйзамы биринчи окууда кабыл алынды

Өткөн кылымдын биринчи жарымындагы саясий репрессияларда куугунтукка кабылган, жок кылынган кыргызстандыктарды реабилитациялоо тууралуу мыйзам долбоору бүгүн 19-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралып, кабыл алынды.   “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”,… Кененирээк…