Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылынын тургуну Рысбек Мусабаев айыл мектебине 500 окуу китебин тапшырды

Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылынын тургуну Рысбек Мусабаев айыл мектебине 500 окуу китебин тапшырды. Ал бул максатта 60 жылдыгын белгилөөгө чогултуп жүргөн 450 миң сомун жумшады.

 

Ошондой эле Мусабаев мектепке зарыл эмеректерди жана техника сатып берди. Айыл тургунунун демилгеси менен мектепте эми салттуу коңгуроо эмес, комуз күүсү жаңырат.