Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жол белгилери өзгөртүлөт

Бишкектин Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жол белгилери өзгөртүлөт.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, батыштан чыгышка карай тилкелер боюнча кыймыл багыттарын өзгөртүү чечими кабыл алынды. Жакын арада белгилер алмаштырылгандан кийин, экинчи тилкеден оңго бурулууга мүмкүнчүлүк болот.

 

Мындай чара жол кыймылын жакшыртуу максатын көздөйт.