Мессинин АКШдагы жылдык маянасы 20 млн 400 миң долларды түзөт

Футболчу Лионель Мессинин АКШдагы жылдык маянасы 20 миллион 400 миң долларды түзөт. Бул сумма чабуулчунун негизги эмгек акысын, ошондой эле кол коюу төлөмдөрүн жана бонустарды камтыйт. Бул сандар Жогорку футбол лигасы үчүн рекорд экени белгиленет.

 

Эске салсак, Месси ушул жылдын июль айынан бери америкалык «Интер Майами» клубунда ойноп келет. Анын америкалыктар менен келишими 2025-жылга чейин түзүлгөн.