Кыргызстандын Эл аралык резервинде 51 тоннадан ашык алтын сакталып турат

Кыргызстандын Эл аралык резервде сакталып турган алтын кору 51 тоннадан ашык. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги фракция жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов билдирди.

 

Ал алтын өлкөнүн башкы каржы мекемесинин эсебинде экенин, аны кыргыз өкмөтү колдоно албай турганын айтты. Ал эми айрым эл өкүлдөрү резервдеги алтынды өкмөт иштете албай жатканына нааразылык билдирди.