Оштогу “Жапалак” унаа базары кеңейтилет

Оштогу “Жапалак” унаа базары кеңейтилет. Мэриядан билдиришкендей, аталган базардын айланасындагы 36 гектар жер коммерциялык багытка өзгөртүлүп, трансформацияланды.

 

Эми бул жерге бардык талаптарга жооп берген, заманбап шарттары менен мөмө-жемиштер жана унаа тетиктер сатылчу базар ачуу пландалууда.

 

Ошондой эле унаа токтоочу жайлар салынат.