Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. 10-12-майда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

 

Маалыматка ылайык, өлкөдө мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

 

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтириши мүмкүн.