Бишкектин Элебесов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады

Бишкектин Элебесов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады. Мэриядан билдиришкендей, аталган жолдо 10 жылдан ашык убакыттан бери жакшыртуу иштери жүргүзүлгөн эмес.

 

Элебесов көчөсү күн сайын бир жарым миңден ашык унаа тейлеген жолдордун бири.

 

Унаалар үчүн жүрүүчү бөлүк ачылгандан кийин батыш тараптан тротуар, чыгыштан ирригациялык система уюштурулат.