ЖРТга 700дөн ашык адам катышат

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алууда ЖРТга 767 адам катталды. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч акыркы эмес, анткени кошумча каттоо күтүлүүдө.

 

ЖОЖдорго кышкы кабыл алууда абитуриенттерди тандоо контракттык негизде гана жүргүзүлөт.

 

Тесттин өзү болжол менен 25-26-ноябрда өткөрүлөт.