2034-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты Сауд Арабияда өтөт

2034-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты Сауд Арабияда өтөт. Бул тууралуу ФИФАнын президенти Джанни Инфантино билдирди. Буга чейин маалымат каражаттары Австралия турнирди өткөрүүдөн баш тартканын жазып чыгышкан.

 

Эске салсак, 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугун Канада, Мексика жана АКШ уюштурат.

 

2030-жылдагы дүйнө чемпионаты тарыхта биринчи жолу алты өлкөдө: Марокко, Португалия, Испания, Аргентина, Парагвай жана Уругвайда өтөт.