Бишкектен Нячангга чартердик каттамдар ачыла элек

Бишкектен Нячангга чартердик каттамдар ачыла элек. “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы Novosti.kgге билдиргендей, вьетнамдык авиакомпания кыйынчылыктарга туш болууда.

 

Каттамдардын качан баштала турганы азырынча белгисиз. Аэропорт бул маселе чечилип жатканын билдирди.

 

Эске салсак, буга чейин Бишкек – Нячанг каттамындагы самолеттор ​​30-октябрдан тарта уча баштары айтылган.