Кыргызстанда тузду аз колдонуу боюнча маалыматтык кампания жүрүүдө

Кыргызстанда тузду аз колдонуу боюнча маалыматтык кампания жүрүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, биринчи кадам нан азыктарын өндүрүүчүлөр менен иштешүүдөн башталат. Андан ары курамында тузу жогору азыктарга түстүү маркировка киргизүү пландаштырылууда. Белгилер жашыл, сары жана кызыл болот.

 

Ошондой эле коомдук тамактануу жайларында туз колдонууну чектөө, тактап айтканда, дасторкондон алып салуу каралууда.

 

Мекеме тузду көп колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын  өнүгүшүнө негизги фактор экенин белгилейт.