Бишкекте жаңы таштанды полигону ачылды

Бишкекте экологиялык-санитардык стандарттарга ылайык курулган жаңы таштанды полигону ачылды. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

 

Көлөмү дээрлик 2 млн метр куб полигон жакынкы он жылда ордо калаадагы катуу тиричилик калдыктарын коопсуз жок кылууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

 

Санитардык полигонго Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 22 млн евро насыя, Европа Биримдиги 8 млн евро грант бөлгөн.