Бишкекте тротуарларды оңдоо иштери аяктап калды

Бишкекте тротуарларды оңдоо иштери аяктап калды. Бул тууралуу 24 агенттигине вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди. Ал иш графиктен артта калганын моюнга алды. Бул объекттерди бузуу жана ага байланыштуу процедуралар менен шартталган.

 

Чиновник бардык иштер келерки аптада бүтөт деп ишендирүүдө.

 

Эске салсак, быйыл ордо калаадагы 43 көчөдө тротуарлар оңдолуп жатат.