Кышкысын жол оңдоого 300 миллион сомдон ашык каражат каралды

Кышкысын жол оңдоого өлкө бюджетинде 300 миллион сомдон ашык каражат каралган. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, республиканын унаа жолдорунда 31 ашуу бар. Анын ичинен 27си жыл бою тейленсе, төрт ашууда жергиликтүү бийликтин чечими менен автоунаалардын кыймылы токтотулган.

 

Мекеме бүгүнкү күндө жол техникасынын 88 пайызы күз-кыш мезгилине даяр экенин белгилейт.