Учурда Кыргызстанда 68 миңдей ККМ орнотулду

Учурда Кыргызстанда 68 миңдей ККМ орнотулду. Салык кызматынын маалыматына ылайык, реестр түзүлүп, ага 32 аппарат модели киргизилген.

 

Мекеме ошондой эле техникалык тейлөө борборлору менен кызматташууну күчөттү.

 

Кошумчалай кетсек, өлкөнүн бир нече банктары салттуу кассалык машиналар менен POS-терминалдардын функцияларын бириктирген гибриддик көзөмөл-кассалык машиналарды тарата башташты. Мындай ыкма соода процессин жеңилдетип гана койбостон, чекене соода тармагына заманбап технологияларды киргизүүгө да жардам берет деп күтүлүүдө.