Таласта 450 орундуу мектептин курулушу аяктады

Таласта 450 орундуу мектептин курулушу аяктады. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, объект Талас районуна караштуу Арал айылында жайгашкан.

 

Эки кабаттуу имараттын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн. Мында негизги класстык кабинеттерден сырткары тил кабинеттери, өнөрканалар, химия жана биология класстары бар.