Дүйнөдөгү эң кымбат футбол лигалары аныкталды. Тизменин башында Англиянын премьер-лигасы турат. Анын клубдарынын жалпы баасы 11 миллиард еврону түзөт.
Алдыңкы үчтүккө Испаниянын Ла Лигасы жана Италиянын А сериясы кирди. Алар 4 миллиарддан ашык суммага бааланган.
Ошондой эле тизмеде Германия, Франция, Бразилия, Португалия, АКШ, Түркия жана Сауд Арабиянын чемпионаттары бар.