Эки жыл ичинде Кыргызстанда жумушсуздардын саны 7,7% кыскарды

Эки жыл ичинде Кыргызстанда жумушсуздардын саны 7,7% кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Жакырчылык жана теңсиздик” аттуу улуттук өнүктүрүү форумунда билдирди.

 

Маалыматка ылайык, бул убакыт аралыгында иш менен камсыз кылуу кызматтары 60 миңден ашык адамды жумуш менен камсыздаган.