Ажылык–2024: Кыргызстандык зыяратчылар үчүн 6 миң 60 квота бөлүндү

2024-жылы ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравия 6 миң 60 орун бөлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.   Эске салсак, ажылык сапарга каттоо 9-ноябрда башталып, 20-ноябрга чейин уланат. Меккеге бара тургандар ID-карта менен электрондук каттодон өтүп, баштапкы төлөм катары банк аркылуу 2 миң доллар төлөшү… Кененирээк…

Маалыматтарды иштеп чыгуу борборун кийинки жылы түзүү пландалууда

Кыргызстанда маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүү боюнча иштерди кийинки жылы баштоо пландалууда. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Ведомство белгилегендей борбор зарыл, анткени анын жардамы менен ар бир жарандын бардык маалыматтарын санариптештирүү мүмкүн болот.   Учурда министрлик долбоордун концепциясын иштеп чыгууда.

Автобус жана троллейбустарда накталай төлөм киргизүү кийинкиге калды

Бишкекте автобус жана троллейбустарда жол кире үчүн накталай төлөм киргизүү кийинкиге калды. Вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдиргендей, бул система кайра иштелип чыгышы керек.   Эске салсак, 1-ноябрдан тарта муниципалдык транспортко накталай төлөм 25 сом болмок. Тагыраагы, картасы жок жүргүнчүлөр айдоочудан билет сатып алышы керек болчу.

Матраимов менен Көлбаевге байланышкан 202 мамкызматкер иштен алынат

Кыргызстанда Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаевге тиешеси бар 202 мамлекеттик кызматкер аныкталды. Алардын баары уюшкан кылмыштуу топко, криминалдык элементтерге жана коррупцияга байланыштуу кызматынан бошотулат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.   Анын айтымында, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлөт.   Мамлекеттик органдарда тазалоо жүрүп жатат.… Кененирээк…