Кыргызстандыктар катары менен 5 күн эс алат. 7-8-ноябрда белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү быйыл шейшемби, шаршембиге туура келет.
Министрлер кабинети 6-ноябрь, дүйшөмбүнү 11-ноябрь ишембиге жылдырды. Муну менен өлкөдө эртеңден тарта 8-ноябрга чейин эс алуу жарыяланат.
Бирок 11-ноябрда кыргызстандыктар ишке чыгат.