Республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 495 миллиард сомдон ашат

Келерки жылы Кыргызстанда республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 495 миллиард сомдон ашат. Бул тууралуу Каржы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйүналиев билдирди.

 

Анын айтымында, чыгаша кирешеден дээрлик 20 миллиард сомго аз болору күтүлүүдө.

 

Белгилеп кетсек, өкмөт жыл жыйынтыгында экономикалык өсүш 4,5% болот деп болжолдоодо.