Маалыматтарды иштеп чыгуу борборун кийинки жылы түзүү пландалууда

Кыргызстанда маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүү боюнча иштерди кийинки жылы баштоо пландалууда. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

 

Ведомство белгилегендей борбор зарыл, анткени анын жардамы менен ар бир жарандын бардык маалыматтарын санариптештирүү мүмкүн болот.

 

Учурда министрлик долбоордун концепциясын иштеп чыгууда.