Илимий кызматкерлердин айлыгын эки эсе көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда илимий кызматкерлердин айлыгын эки эсе көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов билдирди. Маалыматка ылайык, план келерки жылы ишке ашат деп күтүлүүдө.   Белгилеп кетсек, өкмөт көп жылдардан бери биринчи жолу тогуз илимий-изилдөө долбоорун ишке ашырууга 110 млн сомдон ашык… Кененирээк…

Чет элдик тасмалар кыргыз тилинде субтитр менен көрсөтүлөт

Чет элдик тасмалар Кыргызстанда кыргыз тилинде субтитр менен көрсөтүлө баштайт. Бул боюнча “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору ири прокатчылар менен макулдашты.   Калк кыргыз тилиндеги субтитрлери бар алгачкы тасмаларды келерки жылдын жаз айларында көрөт деп күтүлүүдө.

Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

13-ноябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов, Фрунзе көчөлөрүндө, Манас, Жибек Жолу проспектилеринде өчүрүүлөр күтүлөт.   Турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка объектилерде суу болбойт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

Билим берүү министрлигине 65 ноутбук тапшырылды

Билим берүү министрлигине 65 ноутбук тапшырылды. Ведомстводон билдиришкендей, техниканын лицензиялык программалык камсыздоосу жана башка зарыл шаймандары бар.   Ноутбуктар райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө тапшырылат. Техника маалыматты анализдөөдө, санариптик мониторинг жүргүзүүгө жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга колдонулат.

Түштүк Кореянын элчилиги Бишкекке техникалык колдоо көрсөтөт

Түштүк Кореянын элчилиги Бишкекке техникалык колдоо көрсөтөт. Мэрия менен дипломатиялык өкүлчүлүк ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум жетишилди.   Макулдашуунун алкагында муниципалитетке техникалык жабдуулар жана унаа тапшырылат. Андан тышкары, элчилик Кыргызстан – Түштүк Корея ынтымак паркын көрктөндүрүүгө жардам берет.

Бүгүн мектеп окуучуларынын күзгү каникулдары соңуна чыгууда

Бүгүн мектеп окуучуларынын күзгү каникулдары соңуна чыгууда. 13-ноябрь, дүйшөмбүдө экинчи чейрек старт алып, ал 29-декабрга чейин уланат.   30-декабрда кышкы 14 күндүк эс алуу башталат. Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, жазгы каникул 21-марттан 31-мартка чейин созулат.   Ошондой эле үчүнчү чейректе биринчи класстын окуучулары үчүн… Кененирээк…

АФК Кубогунун тайпалык этабынын төртүнчү турунун алкагында “Абдыш-Ата” клубу тажикстандык “Равшан” клубун утуп алды

АФК Кубогунун тайпалык этабынын төртүнчү турунун алкагында “Абдыш-Ата” клубу тажикстандык “Равшан” клубун утуп алды. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.   Оюн минималдык 1:0 эсеби менен жыйынтыкталды. Муну менен “Абдыш-Ата” “Е” тайпасындагы лидерлигин сактап, 10 упай камсыздады.

Эртең Кыргызстанда иш күнү болот

Эртең Кыргызстанда иш күнү болот. 7-8-ноябрда белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү быйыл шейшемби, шаршембиге туура келгендиктен, министрлер кабинети 6-ноябрь, дүйшөмбүнү 11-ноябрь ишембиге жылдырган.   Буга байланыштуу, эртең, ишембиде өлкөдө расмий иш күнү болуп, кыргызстандыктар жумушка чыгат.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуз адамдардын саны кыскарды

ЕАЭБ өлкөлөрүндө сентябрдын аягына карата жумушсуз адамдардын саны 867 миң адамды түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу   14,2 пайызга кыскарды.   Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында кабарланды. Кыргызстандын иш менен камсыз кылуу кызматында 71 миң адам катталса, Казакстанда 296 миң адам, Россияда 451 миңден ашык… Кененирээк…

Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылы үчүн ачык

Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылы үчүн ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош жолунун кооптуу делген тилкелеринде жолчулардын нөөмөтү уюштурулду.   Трасса кардан тазаланып, инерттүү материал себилип жатат. Долон, Кызыл-Бел, Төө-Ашуу, Өтмөк ашууларында дагы жол тынбай тазаланып, кыймыл татаалданган жок, — дешти ведомстводон.