Бишкекте автобустар саатына 60 чакырымдан ылдам жүрө албайт

Бишкекте автобустар саатына 60 чакырымдан ылдам жүрө албайт. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.

 

Анын айтымында, мэриянын адистери атайын программалык комплекс иштеп чыгышкан. Ал кайсы автобус ылдамдык чегинен ашып кеткенин, кыймыл аралыгын бузганын, күтүүсүз тормоз басканын же ордунан жылганын байкоого мүмкүндүк берет.

 

Чиновник белгилегендей, айдоочу газды каалагандай баса алат, бирок ал баары бир саатына 60 километрден ашпайт.