KOICA Бишкек мэриясына кайтарымсыз 270 миң доллар бөлдү

Корея эл аралык кызматташтык агенттиги Бишкек мэриясына кайтарымсыз 270 миң доллар бөлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, каражатка шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына керектүү медициналык жабдуулар сатылып алынат.

 

Мындан тышкары, Корея элчилиги Бишкек мэриясына техникалык жабдууларды тапшырды.

 

Ошондой эле элчилик Кыргызстан-Түштүк Корея ынтымак паркын көрктөндүрүүгө жардам берет.