Бишкекте «Жашыл экономика» форуму өтөт

Бишкекте 16-ноябрда «Жашыл экономика — 2023» форуму жана «Green EXPO — 2023» көргөзмөсү өтөт.   Иш-чараны JIA бизнес ассоциациясы, Экономика жана коммерция министрлиги бир катар уюмдардын колдоосу менен өткөрөт.   Форум «Дасмия» этно-комплексинде саат 9:00до башталат. Анда жашыл энергетика, жашыл транспорт, туруктуу каржылоо, түруктуу өнүгүү… Кененирээк…

Конституциялык сот матчество боюнча чечимин кайра карап чыкты

Конституциялык сот матчество боюнча чечимин карап чыгып, документтен «бойго жеткендерде атасынын же энесинин атын тандоо укугу болот» деген жерин алып салды. Буга чейин сотко кыргызстандык активист Алтын Капалова кайрылган. Ал уулунун паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууну суранган, бирок сот бала кийин кодулоого кабыл… Кененирээк…

Садыр Жапаров Парижде өтчү «Бир планета саммитине» катышат

Президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэл Макрондун чакыруусу менен 9-11-ноябрда Париж тынчтык форумунун алкагындагы «Бир планета саммитине» катышуу үчүн Францияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына да катышат.… Кененирээк…

АКШ тургуну жөрөлгөгө ишенип, байып алды

АКШ тургуну жөрөлгөгө ишенип, байып алды. Эркек сол алаканы кычышкандан кийин, дароо бул акча алып келет деген ишенимди эстеген. Ал дүкөнгө барып, лотерея билетин сатып алган.   Ошол жерден эле ал катмарды өчүрүп, 100 миң доллар утуп алганын билди. Утушту ал үй сатып алууга жумшай… Кененирээк…

Эс алуу күндөрү Бишкекте айыл чарба жарманкелери уюштурулат

Эс алуу күндөрү Бишкекте айыл чарба жарманкелери уюштурулат.   Мэриянын маалыматына ылайык, алар ордо калаанын үч жеринде жайгашкан: Раззаков, Жетикашкаева көчөлөрүндө жана Төрөкул Айтматов – Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.   Жарманкелерден шаар тургундары азык-түлүктү өндүрүүчүлөрдөн түздөн түз сатып алса болот. Алар жыл аягына чейин иштейт.