Убактылуу эмгекке жарамсыздык санарип баракчасы юридикалык күчкө ээ

Кыргызстанда убактылуу эмгекке жарамсыздык санарип баракчасы юридикалык күчкө ээ. Токтомго Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Саламаттык сактоо министрлигине убактылуу баракчаны каттоо, узартуу жана берүү тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

 

Мурда ооруп калгандыгы тууралуу тастыктама кагаз түрүндө берилип келген. Эми ал атайын маалыматтык системанын жардамы менен толтурулат, өткөрүлүп берилет жана сакталат.

 

Документти алуу үчүн “Түндүк” порталына кирип, “Ден соолук” бөлүмүнө өтүп, “Эмгекке жарамсыздык баракчасын” тандоо керек.