Бишкектеги дээрлик бардык абоненттер жылуулук системасына кошулду

Бишкектеги дээрлик бардык абоненттер жылуулук системасына кошулду. Бул тууралуу “Бишкекжылуулук тармагы” ишканасынан билдиришти.

 

Ал эми айрым керектөөчүлөргө жылуулук тармактарынын бузулушун жоюу жана ички жылытуу системаларынын жараксыздыгынан улам жылуулук бериле элек.

 

Эске салсак, Бишкекте жылытуу мезгили 31-октябрда башталган.