Нарын шаарына 375 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруу пландалууда

Нарын шаарына 375 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруу пландалууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендер Архитектура, курулуш жана турак жай чарба мамлекеттик агенттигинин облустук башкармалыгы тарабынан жарыяланды.

 

Курулуш үчүн пландалып жаткан сумма 168 млн 600 миң сомду түзөт.