Бишкектин Ынтымак конушунда жаңы сквер пайда болот. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, эс алуу аймагында балдар аянтчасы, воркаут жана вело жолчолор бар.
Скверди бойлото ирригациялык система, көчө жарыгы орнотулуп, бак-дарактар тигилип, таман таштар төшөлдү.