Лондондо аукциондо Майкл Джексондун күрмөсү сатылды

Лондондо аукциондо Майкл Джексондун күрмөсү сатылды. Ал аны 40 жыл мурда “Триллер” альбомунун эбегейсиз ийгилигинен кийин жарнамага тартылуу учурунда кийген. Лот 306 миң долларга сатылды.

 

Джексондун күрмөсүнөн тышкары аукциондо Эми Уайнхаустун париги, ошондой эле Элвис Преслиге, Биттлз, Квин жана Оазис топторунун мүчөлөрүнө таандык буюмдар сатылды.