Кызамык вирусу көп катталып жаткан аймактар айтылды

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери кызамык менен ооруган 3618 учур аныкталды.

Бишкек шаарында – 1076 учур, Ош шаары – 333 учур, Ош облусу – 695 учур, Баткен облусу – 96 учур, Чүй облусу – 562 учур, Жалал-Абад облусу – 650 учур, Талас облусу – 95 учур, Ысык-Көл облусу – 72 учур, Нарын облусунда – 39 учур. ⠀

 

Кызамык менен катталгандардын 88 пайызы 10 жашка чейинки балдар. Анын 87% же 3140 бейтап ар кандай себептер менен эмдөө алган эмес.

Кызамык вирусу эң көп Бишкек, Жалал-Абад жана Чүй облустарында катталууда.

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги мектеп жана бала бакчаларда кызамыктын очогун жок кылуу үчүн кызамыкка жана кызылчага каршы вакцина менен кошумча эмдөө жүргүзүүдө. Жалпысынан кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда.

 

9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдарды кызылча жана кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясы вирус эң активдүү жайылган аймактарда: Бишкек, Ош шаарларында, Ош, жана Чүй облустарында улантылууда. Жалал-Абад облусунда кызамык оорусу күчөгөнүнө байланыштуу уюшкан топтордогу балдарды кошумча эмдөө иштери башталды. Мындан тышкары, бардык курактагы байланыштагы адамдар 72 сааттын ичинде ыкчам түрдө эмдөөдөн өтүшөт.

Оорунун жайылышын токтотуу үчүн калктын 95% дан жогору бөлүгү эмдөөдөн өтүшү керек. Кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында бүгүнкү күндө 462 692 бала вакцина алды, бул 77%ды түзөт.