Аксыда кубаттуулугу 500 кВт болгон чакан ГЭС пайдаланууга берилди

Аксыда кубаттуулугу 500 кВт болгон чакан ГЭС пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Гидроэлектрстанция жергиликтүү жеке ишкер тарабынан курулуп, 750 миң доллар жумшалган.   Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту айылындагы жаңы чакан ГЭСте өндүрүлгөн электр энергиясы жергиликтүү калктын кошумча керектөөсүнө жумшалат.

Жыл башынан бери Кыргызстандын экономикасы 4,5% өстү

Жыл башынан бери Кыргызстандын экономикасы 4,5%га өстү.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, январь-октябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала баалаганда 919 млрд сомду түздү. Бул 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,5 пайызга көп.   ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш тармактары тарабынан да, кызмат көрсөтүүлөр сектору… Кененирээк…

Калктын 75 пайызы сейсмологиялык жактан кооптуу аймактарда жашайт

Кыргызстанда калктын 75 пайызы сейсмологиялык жактан кооптуу аймактарда жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жарыялаган “Кыргызстандын айлана-чөйрөсү” аталышындагы баяндамасында айтылды.   Анда белгиленгендей, сейсмологиялык жактан кооптуу деген 80ден ашуун ири калктуу пункт жер титирөө болушу ыктымал зоналарда жайгашкан.

Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү $10,8 млрд түздү

Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 10 млрд 800 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалым болду.   Белгиленгендей, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26 пайызга көп.   Мында экспорттук жеткирүүлөр дээрлик 50 пайызга, ал эми импорттук түшүүлөр 21 пайызга көбөйгөн.

Бишкекте Италия кино күндөрү өтөт

Бишкекте Италия кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди. Тасмалар 15-16-ноябрь күндөрү «Ала-Тоо» кинотеатрыда көрсөтүлөт жана кирүү акысыз.   Иш-чаранын расмий ачылышы 15-ноябрда саат 18:00дө өтүп, саат 18:20да кинотеатрдын чоң залында «Даньте» фильми көрсөтүлөт. Ал эми саат 20:00дө көрүүчүлөрдүн назарына «Сага чуркайм» тасмасы тартууланат… Кененирээк…