Россиялык дарыгерлер маанайга таасир берүүчү азыктарды атады

Россиялык дарыгерлер маанайга таасир берүүчү азыктарды атады. Биринчи кезекте алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу керек, алар организмди интоксикацияга алып, келип абалды начарлатат.

 

Ошондой эле маанайды көтөрүү үчүн таттууга басым жасабоо керек. Глюкозанын деңгээли кескин көтөрүлгөнү менен, ошондой эле кайра дароо түшүп кетет. Жыйынтыгында, эфорияны чарчоо жана кыжыр келтирүү сезимдери алмаштырат.

 

Маанайды көтөрүү үчүн адистер банан, помидор, цитрус, сабиз, кара шоколад жана жаңгактарды сунуштайт. Ошондой эле курма, как жана көк чай жакшы жардам берет.