Жамалбек Асылбек уулу самбо боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды

Жамалбек Асылбек уулу самбо боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды.

 

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, спортчу 88 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалда казакстандык атаандашын жеңди. Ошондой эле Белек Бараканов күмүш, Болот Токтогонов менен Саяк Бараканов коло медалдарды утушту.

 

Командалык эсепте Кыргызстан  23 мамлекеттин ичинен алтынчы орунду ээледи.