Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайлап түшүрүү иштери улантылат
Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайлап түшүрүү иштери улантылат. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта 17-ноябрга чейин эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө дейре Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымнда таштар түшүрүлөт. Бул учурда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.