Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 24-ноябрда өтөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 24-ноябрда өтөт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ордо калаада ал Бишкек Гуманитардык университетинин имаратында, ал эми Ошто Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда болот.

 

Каттоого жалпы орто жана орто кесиптик билимге ээ жарандардын мүмкүнчүлүгү бар.

 

Тестирлөөнүн өзү 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өтөт. Эске салсак, жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөө өткөн жылы киргизилген.