Астанада Манастын айкели орнотулду

Астана шаарында Манастын эстелигин орнотуу иштери аягына чыгып калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев билдирди.   Анын айтымында, айкел шаардын борбордук Кабанбай баатыр проспектине коюлуп жатат. Дипломат анын ачылышы күн жылыганда болорун белгиледи. Былтыркы жылдын декабрь айында Казакстандын борборунда Манастын айкели пайда болору… Кененирээк…

Жыл башынан бери 458 жаңы тамчылатып суугаруу системасы орнотулду

2023-жылдын 1-ноябрына карата республика боюнча 458 жаңы тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, 8096,2 га жер аянтына көбөйгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, республика боюнча тамчылатып сугаруу системасын орноткон жана иштеп аткан чарбакер субъектилердин саны 1004 түзүп, жер аянты 13223 га жерге жетти.… Кененирээк…

Баткенде заманбап спорт комплекс курулууда

Баткен шаарында заманбап спорт комплекси курулууда. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 12 млн сом каралган, учурда иш 80%га аяктап калды.   Анда волейбол, баскетбол, футбол, күрөш боюнча машыкса болот, ошондой эле комплексте аялдар, эркектер үчүн өзүнчө машыгуучу залдар, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, жуунучу жай менен… Кененирээк…

Кызыл диплому барларды кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизүү сунушталды

Кызыл дипломдуу жарандарды кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизүү сунушталды. Жогорку Кеңештин тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.   Демилгечилер муну менен жаш адистердин өлкөдөн чыгып кетишин алдын алгысы келет. Ага ылайык,  ЖОЖду “кызыл” менен аяктагандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарды ээлөөдө артыкчылык берүү сунушталып жатат.… Кененирээк…

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда жаңы мектеп ачылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда жаңы мектеп ачылды. Президенттин аталган аймактагы өкүлчүлүгү билдиргендей, билим уясы 320 окуучуга ылайыкташкан.   Курулуш иштерине Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан 54 млн сом бөлүнгөн.

Индия эки жумадан бери уулуу түтүндөн жапа чегип жатат

Индиянын ири шаарларынын тургундары экинчи жумадан бери уулуу түтүндөн жапа чегип жатышат. Кир аба Нью-Делиде, Мумбайда жана Калькуттада байкалат.   Абал салттуу Дивали майрамынан кийин, жүздөгөн петардалар асманга атылганда курчуган.   Өлкө бийлиги кырдаалды түтүнгө каршы атайын куралдын жардамы менен чечүүгө аракет кылууда. Аппарат суу… Кененирээк…

Учурда Кыргызстандын 700 миңдей жараны чет мамлекеттерде жүрөт

Учурда Кыргызстандын 700 миңдей жараны чет мамлекеттерде жүрөт. Мындай маалыматты тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди. Анын айтымында, кыргызстандыктардын көбү Россия, Казакстан жана Түркияда жашайт.   Мындан тышкары, жарандар АКШ, Канада жана Түштүк Кореяда да басымдуу.

Мамлекеттик кадр кызматы бир катар конуштардын атын өзгөртүүнү сунуштоодо

Мамлекеттик кадр кызматы бир катар конуштардын атын өзгөртүүнү сунуштоодо. Алар Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.   Тизмеде сегиз айыл, эки айыл аймагы бар.   Демилге улуттук идеологияны бекемдеп, белгилүү ысымдарды кайтарууга багытталган. Документ талкууга коюлду.

УКМК Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыялады

УКМК «мыйзамдагы ууру» аталган Камчы Асанбектин (Көлбаев) өкүл атасы, жеке ишкер Азим Ройго издөө жарыялады.   Мекеме тараткан маалыматка караганда, Азим Рой — мурда Орозахун Сайдазимов, Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган, учурда Россия Федерациясынын жараны.   К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан… Кененирээк…

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев дүйнө салды

Белгилүү саясий жана коомдук ишмер, профессор Топчубек Тургуналиев 82 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театрынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, ал көптөн бери ооруп жүргөн.   Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-ноябрда Аксы районунда өтөт.   Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Аксы районунун… Кененирээк…